Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 өрт болгон.
Сокулук районунда турак үй толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.