Таластын тургундары "Жер-Үй" кенин иштетүүдө цианид колдонулбасын деген талап коюшууда

Таластын тургундары "Жер-Үй" кенин иштетүүдө цианид колдонулбасын деген талап коюшууда. Мындай пикирди депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында билдирип, буга өкмөт көңүл бурушу керектигин айтты. 
"Жер-Үй" кени боюнча тендерге 2 компания катышканы айтылууда. Экөөнүн тең сунушунда алтын казууда цианид колдонулары көрсөтүлүүдө. Баш мыйзамга ылайык, кен байлыктары мамлекеттин, элдин мүлкү. Цианид колдонулса, Чычкан дарыясы булганат, Таластын дыйкандарынын 80 пайызы ушул дарыя менен эгинин сугарат. "Жер-Үй" иштесин, бирок цианид колдонулбасын деп жатат",- деп билдирди депутат.
Жумабеков борбор шаардагы үйлөрдө ысык сууну өчүрүү мөөнөтүн жылдырууну сунуштады. "Бишкектин тургундары кайрылышууда, жылда майдын аягында ысык суу өчүрүлөт. Ушул мөөнөттү июнь-июль айларына жылдырууну суранышууда, анткени бул учурда көпчүлүгү каникулга, эмгек өргүүсүнө чыгышат",- деди Жумабеков.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан