Баткенде кылмышкерлер 1 миллион 30 миң долларды тоноп кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Ички иштер министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 29-апрель күнү саат 15:00 чамасында Кызыл-Кыя – Ош унаа жолунда болгон. Анда белгисиз адамдар жолдо бараткан унааны токтотушуп, айдоочуга курал такап, ичиндеги баштыкты алып кетишкен.
Ошол учурда айдоочу жалгыз болгон. Анын айтымында, баштыкты туугандарынын бири “Ошко ала кет, ал жактан тосуп алышат” деп салып жиберген. Баштыкта 1 миллион 30 миң доллар болгон.
“Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр изделүүдө. Чынында эле унаада ошончо акча болгонбу, ал акчалардын кайдан алынганы иликтенип жатат”,- деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.