Бүгүн, 19-февралда "ата журтчу" депутаттар боюнча өтүп жаткан сотто күбө катары суралган депутат Өмүрбек Текебаев депутаттар Ак үйгө курал-жарак алып киргенде эч ким текшербей тургандыгын айтты. "Жогорку Кеңештин имаратына тапанча менен кирүү - бул адамдын ниетин билдирбейт" деди депутат. Ошондой эле жактоочу Азиза Абдрасулованын "тынч митинг ызы-чууга айланып бара жатса, аны ким токтотуш керек?" деген суроосуна эл өкүлү: "Укук коргоо органдары эскертүү бериш керек, андан да ашып бара жатса, уюштуруучулар өздөрү токтотконго аракет кылуусу зарыл",- деп жооп берди.