Египетке жеке турист катары барчу чет өлкөлүк жарандарга (мунун ичинде кыргыз мамлекетинин жарандарына) талап өзгөртүлдү. КРнын Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, жаңы эреже 2015-жылдын 15-майынан баштап күчүнө кирет. "Египетке жеке турист катары барчу жарандар жекече туристтик виза алуу үчүн аталган өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрылышы зарыл. Кыргыз мамлекетинин жарандары виза маселеси боюнча Египеттин Казакстандагы элчилигине кайрылышы керек. Визанын калган категориялары боюнча эрежелер мурунку бойдон калат",- деп билдирет министрлик.