Калктуу конуштарга жер алдына автоунаа токтоочу жайларды куруу демилгеси көтөрүлдү

30-апрелде Жогорку Кеңеште калктуу конуштардагы жер тилкелерин үнөмдүү пайдаланууга жана жергиликтүү бюджетти бекемдөөгө багытталган мыйзамдын долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ал үчүн Жер кодексине, “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөр киргизилүүгө тийиш.

Депутат Замир Бекбоевдин айтымында, өлкө аймагындагы калктуу конуштарда, айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында бош жер калбай калды, ошондон улам жер алдына капиталдык автоунааларды токтотуу жайларын куруу зарылдыгы жаралууда. Андан сырткары мыйзамсыз автоунаа токтотуу жайлары да тартипке салынмакчы.

"Азыр ордо калаадагы автоунаа токтоочу жайлардан төлөм алууга тыюу салынган, бул мыйзам кабыл алынып калса, автоунаа токтоочу жайлардан атайын төлөм каражаты алына баштайт. Ал эми капиталдык автоунаа токтоочу жайлар курулган жер тилкелеринен ижара акысы да алынат",- деди Бекбоев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан