Депутаттар "акимдер саат 4:00дө, министрлер саат 7:00дө ойгонуп иштеп башташы керек" дешти

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин кезексиз жыйынында депутаттар премьер-министрликке талапкер Темир Сариевге өз сунуштарын айтышууда.
Депутат Курманбек Дыйканбаев "район акимдери эртең менен саат 4:00дө, министрлер саат 7:00дө ойгонуп иштеп башташы керек" деген пикирин айтты. Буга жооп иретинде Сариев өкмөт жаңы ыкма менен иштей турганын билдирди. "Биз бир жумада 5 күн гана эмес, 6 күн иштейбиз. Андан сырткары өкмөт мүчөлөрү айыл аймактарда конок эле болбой, маселелерди чече турган болот. Алардан кылган иши боюнча жазуу түрүндө отчёт берүүнү талап кылам",- деди Сариев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан