Жалал-Абад. Чаткал районунда 11-класстын бүтүрүүчүлөрү өздөрү окуган мектепке жардам көрсөтүштү

Чаткал районундагы С.Байдөөлөтов атындагы орто мектебинин быйылкы бүтүрүүчүлөрү аталган мектепке 27 миң сом өлчөмүндөгү белектерди тапшырышты. Бул тууралуу аталган райондун жашоочусу Мухамедалы Эшназаров кабарлады. Анын айтымында, 11-класстын окуучулары 12 миң сомго үн күчөткүч жабдык, колонка, микрофондору менен белек катары тартуу кылышты. Окуучулар атайын чогулуш өткөрүп, мектепке жардам кылууну чечишкен. Учурда бул мектепте 424 окуучу билим алса, анын ичинде 27си быйылкы бүтүрүүчүлөр. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан