Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын элин Эмгек майрамы менен куттуктады

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын элин Эмгек майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу 30-апрелде президенттик аппараттан билдиришти. 
Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

“Урматтуу мекендештер!

Жаз жана Эмгек майрамы менен баарыңыздарды куттуктайм!

Бул күн - жаратман эмгеги менен өз үй-бүлөсүнүн, айылынын жана өлкөсүнүн өркөнүн өстүрүүнүн майрамы. Бул күн - жакшылыктын жана адилеттиктин, эмгек адамынын урмат-сыйга бөлөнгөн күнү. Бул күн - көп улуттуу кыргыз мамлекетинин элинин достугунун, ынтымак-ырашкерлигинин жана биримдигинин символу.

Кол жана акыл эмгеги менен гана биз өзүбүздүн да, өлкөбүздүн да келечегине жол таба алабыз. Талыкпаган мээнет менен гана мамлекетибиздин коопсуздугун жана көз карандысыздыгын камсыз кыла алабыз.

Быйылкы Улуттук экономиканы чыңдоо жылында ар бирибиз “Өз үй-бүлөмө, мекениме кандай салым коштум?” деп суроо коёлу. Соңку жылдары өз турмушун жакшыртып, өлкөсү үчүн жан үрөгөн жаратман муун өсүп келатканы кубандырат.

Кымбаттуу кыргыз мамлекетинин эли!

Жазгы жаркын майрамыңыздар кут болсун, ар дайым жасаган ишибизден баар таап, ак эмгегибиздин акыбети кайтсын! Сиздерге үй-бүлөлүк бакыт, бейпил турмуш, бакубат жашоо каалайм!" 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан