Сотто Камчыбек Ташиев 3-октябрдагы митингдин эртеси Грецияга учуу планы болгонун айтты

Бүгүн, 19-февралда "Ата Журт" партиясынын депутаттары боюнча соттук отурум өттү. Анда сөз сүйлөгөн депутат Камчыбек Ташиев 4-октябрга Грецияга чакырылганын, ал тургай ал жакка баруу үчүн учакка билет сатып алганын айтты. Депутат билдиргендей, бул авиабилеттер 3-октябрдагы митингчилерде бийликти басып алуу тууралуу ой болбогонун тастыктайт. Ошондой эле Ташиев мамлекеттик айыптоочунун ысымын сурады эле, ал атын айтпай "прокурор деп кайрыла бериңиз" деди. Буга Ташиев "анда сизди кара прокурор же чоң прокурор деп кайрыла берейин" деп сөзүн улантты. Кийинки соттук отурум 21-февралга белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан