Жогорку Кеңеште бүгүн,
30-апрелде Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган “Согуштук альбом: жүздөр аркылуу
кайрылуу” аттуу фотокөргөзмөнүн ачылышы болду.
Көргөзмө согушка катышкан Кыргыз
ССРинин алгачкы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ишмердүүлүгүн
изилдөөнүн негизинде даярдалган. Фотокөргөзмөнүн ачылыш аземинде
спикер Асылбек Жээнбеков кыргыз мамлекети гүлдөгөн өлкө болуш үчүн бизге ата-бабаларыбыз
көрсөткөн баалуулуктар керек экендигин айтты.
“Биздин
ата-бабалар адам баласы пайда болгондон берки эң коркунучтуу апаатты –
фашизмди токтотушкан. Биздин жерге жоо басып киргенде СССРдин бардык элдери өз
жанын курмандыкка чалып отуруп аны адам баласынын жаркын келечеги үчүн токтотуп
калышкан. Бул жеңиш биримдиктин,
достуктун, бир туугандыктын, жан аябаган аракеттин жана талыкпас эмгектин
натыйжасы болгон. Азыр да кыргыз
мамлекети гүлдөгөн өлкө болуш үчүн
бизге ушул баалуулуктар керек. Адамзат тирүү турганда биз даңазалуу
жоокерлерибиздин элесин эстеп жүрөбүз жана алар менен сыймыктанабыз. Эч ким, эч
нерсе унутулбайт!”-
деди Жээнбеков.Ал согушка кетип дайынсыз жок болгондордун элесин түбөлүккө калтыруу
аракеттери кыргыз мамлекетинин элинин кийинки
муунун тарбиялоодо өтө маанилүү экенин баса белгиледи. “Баарыбыз аталарыбыздан, чоң аталарыбыздан Улуу
Ата мекендик согуш тууралуу угуп жүргөнбүз. Биздин муун ал кезде кандай
салгылашуулар болгонун билет. Алардын айтып берген баяндарынан, тарбиясынан
улам биз Ата Журтубузду жакшы көрөбүз”,-
деди ал.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 51
депутаты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болгон.