Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери бүгүн, 30-апрелде "Манас" аэропортунан өлкөгө зер буюмду
мыйзамсыз алып келген жаранды колго түшүрүштү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Кылмышка кыргыз мамлекетинин У.А. аттуу жараны шектелүүдө. Ак металлдан жасалган зер буюму (болжолдуу күмүш) Түркиядан алынып келингени айтылды.
"Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (аткезчилик) боюнча кылмыш ишин козгоо үчүн тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө",- деп билдирет мекеме.