2-майда Бишкекте волейбол боюнча кыз-келиндер арасында өлкөнүн клубдар аралык чемпиондугу өтөт. 7-ирет уюшулуу алдында турган мелдеште чемпиондукту 6 команда талашат. Катышуучу командалар өз ара экиден беттеш өткөрүп, топтогон упайдын негизинде чемпионду аныкташат. Мелдешке Бишкектин “Салам-Алик”, “Улар”, “Дордой-Намыс”, “Билим” командалары, Оштун “Алай-Датка” жана “Жаш күч” командалары катышат. КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашкандай, мелдештин биринчи айлампасы 2-6-май аралыгында, экинчи айлампасы 3-7-июнь аралыгында болот.
Кошумчалай кетсек, буга чейин 6 жыл катары менен мелдешти “Салам-Алик” клубунун кыздары утуп келишкен.