Жогорку Кеңештин 30-апрелдеги жыйынында премьер-министрликке талапкер Темир Сариев: "Эгер мага көбүрөөк убакыт берилсе, өкмөттүн башка түзүмүн сунуштамакмын. Учурдагы өкмөттүн түзүмү чоңураак болуп турат. Чакан, ыкчам аткаруу бийлигин түзүү керек",- деген пикирин айтты.
Андан соң депутаттар Сариевден өлкөдөгү кырдаал боюнча жоопкерчиликти ким аларын сурашты. "Жоопкерчиликти парламент алат, анткени ал өкмөттү түзөт. Мындан тышкары парламент өкмөткө "жаман" же "жакшы" деген баа берет. Жамааттык жоопкерчилик жыйынтыкка алып келбей жатканын көрүп турабыз. Бирок бара-бара саясий маданият өсүп, шайлоодон кийин иштөө тартиби башкача болуп калат деген ишеничтемин",- деди Сариев.