Жылнаама, 1-май: Мындан 56 жыл мурун V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан ЖКнын депутаты Болот Шер туулган

* Мындан 60 жыл мурун, 1955-жылы драматург, театр артисти, акын, тележурналист, продюсер, сценарист Жеңишгүл Өзүбекова Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылында туулган. Жеңишгүл Өзүбекова 1971-жылы Бишкектеги №5-орто мектебин, 1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филология факультетин аяктаган. Эмгек жолун 1972-жылы Кыргыз мамлекеттик драма театрында актриса болуп иштөөдөн баштаган.
 
* Мындан 56 жыл мурун, 1959-жылы V чакырылыштагы “Ата Мекен” фракциясынан ЖКнын депутаты Болот Шер Талас облусунун Манас районундагы Пушкино кыштагында туулган. Жогорку билимдүү. 1988-жылы СССР ИИМинин Фрунзедеги атайын милиция мектебин бүтүргөн. 2010-жылдын октябрында “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Болот Шер Эл аралык Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү.
* Мындан 45 жыл мурун, 1970-жылы Перуда 7,8 балл күчүндөгү зилзала болгон. Алгачкы жолу силкингенде элдин баары сыртка качып чыккандыктан, 500гө жакын гана адам кырсыкка учураган. Бирок жер 2-ирет силкингенде тоо чокусундагы кар мөңгүлөрү козголуп, 12 метр бийиктик менен 18 миң адам жашаган шаарды басып калган. Жыйынтыгында 15 миң адам урандылар менен кошо карга көмүлүп каза болгон.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы НАТОнун аба күчтөрүнүн Баб-эль-Азизия резиденциясына багытталган чабуулунда Каддафинин алтынчы уулу Сейф аль-Араб жана үч небереси набыт болгон. Бул операция Каддафинин өзүн жок кылууга багытталган, бирок ал жабыр тарткан эмес.
1-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан