Жалал-Абаддын шаардык соту Камчыбек Ташиевдин соттолгонун жокко чыгарды

Жалал-Абаддын шаардык соту Камчыбек Ташиевдин соттолгонун жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда SUPER.KG порталына Ташиевдин мурдагы жардамчысы тастыктады. Анын билдиришинче, Ташиев буга чейин шаардык сотко кайрылып, соттолгонун жокко чыгаруу тууралуу өтүнүч келтирген. Соттук отурум мындай чечимди 30-апрелде кабыл алды. Ага ылайык, экс-депутат парламенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алды. 
Айта кетсек, Камчыбек Ташиев 2012-жылдын 3-октябрында "мамлекеттик түзүлүштү бузууга аракет кылды" деген айып тагылып, 8 айдан ашык убакыт абакта жатып, 2013-жылдын 17-июнунда Бишкек шаардык сотунун чечими аркылуу акталып, абактан бошотулган. Ушул эле жылдын август айында Жогорку Сот шаардык соттун чечимин жокко чыгарып, Ташиевди 1 жыл 5 айга кескен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aibo_85
2015-05-01 12:06:13
Эми спикер болунузчу Камчыбек мырза.
0
AbdiMitalMagamedAliBektur
2015-05-01 14:53:00
Оо баракелде эми аттаныныз белди бекем бууп
-5
Sopsonun
2015-05-01 16:28:16
Соттун чонтогуно канчалаган "пачкалар" тушту экен кызык...
-1
AFRODITA-89
2015-05-01 20:34:58
оо кандай сонун кабар биздин Камчы акебиз эми белди бекем буум ишке киришиниз биз сизди колдойбуз! Сиз иштей турган эн кучтуу инсансыз! Сиздин ордунуз келечекте чон рол жаратат биз учун! Сизге ийгилик каалайбыз жана ар тараптан колдоо корсотобуз!!!
-10
arena2014
2015-05-01 20:48:50
AFRODITA-89,оз партиясына тура албай ар кимге ар кандай суйлогон адам кучтуу экен да э?
-1
st1m_
2015-05-01 20:50:46
Акыркы убактарда Атамбаевден кечирим сурап момурап эле момун болуп калганынан буга эмне болгон деп койдум эле корсо кеп бул жакта тура. Мына эми Камчыкенди коруп ал ооздукту чечтирген экен...
0
Nurgul76
2015-05-01 23:50:36
Ак ийилет бирок сынбайт деген ушул.Кыргыз эли сизден умутубуз чон.Уй булоолук бакыт каалайм.
0
aidartegin
2015-05-02 12:47:36
оооо..... Тооок уудагандарды да...ушинтип соотолгонун жокко чыгаргыла....
Бийлигин м.н сенин..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан