Баткенде чек ара чатагы чыгып, тажик күч органдарынын кызматкерлери тарабынан эки кыргыз жараны барымтага алынды. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Баткен шаарынын тургуну Баатырбек Шүкүров SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, окуя кечээ, 30-апрель күнү саат 19:00 чамасында Кара-Бак айылында болгон. Анда кыргыз жаранынын үйүнө тажик күч органдарынын кызматкерлери мыйзамсыз бастырып киришип, 1962-жылы туулган үй ээси Темиркан Маматкуловду жана 1989-жылы туулган айыл тургуну Бекжан Абдураимовду Тажикстандын аймагына алып кетишкен. Ошол учурда окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары барышып, тажик күч органдарынын 4 кызматкерин кармашкан. Учурда аларды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комиттетинин кызматкерлери Баткен шаарына алып кетишти. Ал эми эки кыргыз жараны кайда экени белгисиз болууда.