Кызыл-Кыя шаарында 25 жаштагы жаран 5 айлык баласын мууздап өлтүрүп, өз жанын кыйды. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 30-апрель күнү саат 19:30 чамасында болгон. Анда 1990-жылы туулган Абдыкар уулу Өмүрзак өзүнүн 2014-жылдын декабрь айында туулган баласын ашкана бычагы менен мууздап өлтүрүп, андан соң өзүнүн тамагын кескилеген. Натыйжада ал кансырап каза тапкан. Ошол учурда аялы үйдө жок болгон. Аялынын айтымында, күйөөсү психикалык оору менен жабыркап жүргөн. Буга чейин да “баламды өлтүрүп, өзүм да өлөм” деп көп жолу айткан.