Баткен облустук ички иштер башкармалыгы: Кара-Бактагы окуя боюнча иликтөө жүрүүдө

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Бак айылында болгон окуя боюнча маалымат берди.

Маалыматка караганда, 30-апрель күнү кыргыз жараны, 1962-жылы туулган Темиркан Маматкуловдун үйүнө белгисиз адамдар мыйзамсыз киришип, үй ээсин жана анын 1989-жылы туулган коңшусу Бекжан Абдураимовду унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Окуя болгон жерге дароо "Кара-Бак" чек ара тозотунун чек арачылары барышып, унаага жүк жүктөп жаткан 7 адамды курчоого алышкан. Алардын үчөө Тажикстандын Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери жана төртөө Кыргыз Республикасынын жарандары болушкан. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ayka1994
2015-05-03 15:28:01
Ушул жан-жалдын негизги себеби эмне болгонун тезирееек иликтеп таап, чек ара маселесин чечип тынчтык орнотуп беришсе экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан