Тажиктер барымтага алган эки кыргыз жаранын табуу талабы менен Баткен районунун тургундары облустук администрациясынын алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу 1-майда
SUPER.KG порталына
Баткен шаарынын тургуну Баатырбек Шүкүров билдирди. Анын айтымында, учурда 70 адам өкүлчүлүктүн алдында барымтага алынгандарды таап берүүсүн талап кылууда. "Облус башчы жумуш ордунда жок экен. Бирок элдин талабын угууга Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусундагы өкүлү жана Баткен мамлекеттик чер ара кызматынын жетекчисинин келиши күтүлүүдө. Биз дайынсыз болуп жаткан 1962-жылы туулган Темиркан Маматкуловду жана 1989-жылы туулган Бекжан Абдураимовду таап берүүсүн талап кылып жатабыз",- деди Шүкүров. Айта кетсек, кечээ, 30-апрель күнү саат 19:00 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылында тажик күч органдарынын кызматкерлери жогоруда аты аталган эки жаранды барымтага алып, Тажикстан тарапка өтүп кетишкен. Ошондон бери эки жаран дайынсыз болууда.