Белгилүү опера ырчысы Аманбек Нуртазин дүйнөдөн кайтты

18-февралда белгилүү опера ырчысы, КРнын Эмгек сиңирген артисти Аманбек Нуртазин 74 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Эскерте кетсек, Аманбек Нуртазин “Евгений Онегин” операсында Ленскийдин, “Отеллодо” Кассионун, “Манаста” Сыргактын, “Айчүрөктө” Күлчоронун, “Олжобай менен Кишимжанда” Олжобайдын жана башка көп чыгармаларда башкы каармандын ролун жараткан. Ырчынын үй-бүлөсүнө жана жакындарына "Супер-Инфо" гезитинин жана SUPER.KG порталынын эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан