Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков кыргыз элин Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Урматтуу мекендештер!
Жаз күнүндө жаркырап кирип келген 1-Май – Эмгек майрамы менен КСДП депутаттык фракциясынын атынан чын дилимден куттуктайм! Дээрлик эки кылымга жакын тарыхы бар бул майрамдын башатында карапайым эмгекчилер туруп, өз укуктары үчүн күрөшүшкөн.
"Эмгек адамды жараткан" деп айтылгандай, бул күн ак эмгегинен баар таап, жаштарга өмүрү өрнөк болгон, жаратман адамдарга өзгөчө сый-урмат кылчу майрам. Ылайым мекенибизде ак эмгек, талбас иштермандык өз өкүмүн жүргүзүп, өлкөбүздү өнүккөн мамлекеттерге кошуу аракетибизден майнап чыксын.
Ар бир кыргыз мамлекетинин жаранынын үйүндө токчулук болуп, балдарыбыз бардарчылыкта өмүр сүрсүн!"