Төрага өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүн белгилеп: "Кыргыз мамлекети үчүн япон парламентаризминин тажрыйбасы, кыргыз жериндеги демократияны кайра түзүүдөгү Япониянын жигердүү колдоосу жана анын эл аралык аренадагы демилгелери өтө баалуу",- деп билдирди.
Асылбек Жээнбеков Инокинин саясаттагы гана эмес, спортту өнүктүрүү жаатындагы ишмердүүлүгүнө токтолду. "Сиз өтө маанилүү миссияны – дени сак жашоо образын жана спортту пропагандалоо аркылуу элдерди жакындатууну ишке ашырып жатасыз. Дүйнөлүк спортто татыктуу орун алган сизди Япониянын тышкары да мамлекеттерде жакшы таанышат. Спорттун тарыхында өчпөс из калтырдыңыз. Сиздин легендарлуу Мухаммед Али менен болгон беттешиңиз жалпыга маалым",- деп кошумчалады төрага.
Тараптар бирдиктүү иштерди активдештирүү үчүн түрдүү деңгээлдеги визиттерди улантуу зарылдыгын белгилешти.