Мамлекеттик чек ара кызматы Баткендеги окуянын чоо-жайын түшүндүрдү

30-апрелде Баткенде эки кыргыз жаранын барымтага алып, Тажикстандын аймагына өтүп кеткен тажик жарандары кыргыз жарандарынан 180 килограмм сымап сатып алууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын 1-майда тараткан маалыматында айтылат. Маалыматка таянсак, 30-апрелде эки адамды барымтага алган Тажикстандын тогуз жараны Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирген.

“Баткен районунун Кара-Бак айылына тажик жарандары мыйзамсыз кирип, кыргыз жарандарынан сымап сатып алууга аракет кылышкан. Ошол учурда алар кыргыз чек арачыларын көрүп калышып, булардын ичинен эки тажик жараны айылдын эки тургунун күч менен унаасына салып алышып Тажикстанга кирип кетишкен. Ал эми качууга үлгүрбөй калган жети тажик жана үч кыргыз кармалган. Ошол замат кармалгандар УКМКнын Баткен облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди”,- деп айтылат маалыматта. Ал эми учурда алар окуя боюнча көрсөтмө берип жатышканы айтылды. 

Айта кетсек, кечээ, 30-апрель күнү саат 19:00 чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылында Тажикстандын күч органдарынын кызматкерлери 1962-жылы туулган Темиркан Маматкулов жана 1989-жылы туулган Бекжан Абдураимов жаранды барымтага алып, Тажикстан тарапка өтүп кетишкен. Аты аталган эки кыргыз жараны учурда Тажикстандын Худжанд шаарында кармалып турганы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nurik2103
2015-05-01 15:40:38
Энендурайындар жаман жан карайтыштыго жетимдер!!!
+1
bazar
2015-05-01 15:47:25
Өзүбүздүкүлөрдө да бар тура. Мыйзамсыз иштерге неге аралашат? Тажиктер акылдуу экен, 9 тажикти каматпай соодалашуу үчүн биздин эки аңкоону алакетишкен. Эми ал экөөнү чыгарып алыш үчүн бул жакта мыйзам бузган тогуз тажикти бошотуш керек...
0
Danel
2015-05-01 17:35:39
Тажикистандын куч органдары эки Кыргыз жаранын кармап кетишкен деген соз кайдан чыкты деймда? Жогоруда "Булардын ичиден эки тажик жараны,айылдык эки тургунун куч менен унаасына салышып Тажикистанга кирип кетишкен" демек алып барып тажик куч органдарына тапшырышканбы? Биздин эки жаранды?
0
temirov76
2015-05-01 21:12:05
Озу ошол 9 тажик чек аранын кайсыл жеринен кантип отуп кетиптир?
0
aika1405
2015-05-01 21:32:14
Кантип отот эле ,тажиктер Баткенде беймарал эле журушот,тосулган эмес чек ара,арык болуп турат.
0
Aruukeramazan
2015-05-01 21:48:29
Тажиги деле озбеги деле билгенин кылып журушот.
0
bazar
2015-05-01 21:48:47
Эки буту менен басып өтүп кетиптир...
0
bom.bon
2015-05-01 22:13:14
Урматтуу чондор сымап сатам деген деп айыпты кыргызга коюп камап салбай. Ушундайдан пайдаланып тажиктерди кагып койгула бир аз чек ара деген бар дагы бузсанар жаман болот деп дегендей же укугубуз жокпу кыргызстандын..
0
ruslan1985
2015-05-01 23:53:03
Баткенде тажиктер келип кетип еле журушот кыргыздар да тажикистанга кирип чыгып еле журушот. Бирок айтылган Карабак айылында тонна тонна мыйзамсыз жуктор кирип жатат ошол жерди караш керек чек арачылар орган кызматкерлери корууп туруп кейийсын акчалуулар каалаган ишин кылып жатышат ал еми тоок уурдаган карапайым бечараны камашат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан