Ошто Сирияга кетмекчи болгон үч аял кармалды. Бул тууралуу 1-майда
SUPER.KG порталына
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, 1981, 1983, 1985-жылы туулган Ош шаарынын үч тургуну балдарын өздөрү менен чогуу Сирияга алып кетүүгө аракеттенип, документтерин даярдап жаткан жеринен кармалышкан. "Бул жарандар Ош шаарында атайын диний билим алып жүрүшкөн экен. Кийин Ош шаарынын 26 жаштагы тургуну аларды "балдарыңар менен чогуу Түркияга барып билим алгыла, мен силерди жиберем. Ал жактагы таанышым менен сүйлөшүп койгом" деп азгырган. Ортомчу болгон баланын досу Сирияда экен. Ага ишенишип, үчөө 6 баласын өздөрү менен бирге алып кетмекчи болуп, документтерин даярдап, Түркияга барууга билет алып коюшкан экен. Булар кетүүгө камданып жаткан жеринен кармалып, суракка алынышты, ортомчу болгон бала да кармалды",- деди Сыдыков.