Жылнаама, 2-май: Мындан 4 жыл мурун "Аль-Каида" террордук уюмунун лидери Усама бен Ладен өлтүрүлгөн

* Мындан 50 жыл мурун, 1965-жылы экс-министр Таалайбек Өмүралиев Нарын облусунун Кочкор районунда туулган. Билими жогорку. 1986-жылы Алма-Ата жалпы аскердик командалык жогорку окуу жайын аяктаган. 2000-жылы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Жалпы аскердик академиясын, 2009-жылы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Аскер академиясын бүтүргөн. Ал эми 1987-1988-жылдары Ооганстанда Советтик Армиянын катарында милдет өтөгөн. 
Таалайбек Өмүралиев мотоаткычтар взводунун командиринен баштап КРнын Коргоо министрлигинин Күжүрмөн даярдык боюнча башкармалыгынын башчысы кызматына чейин көтөрүлгөн. 2009-жылы Түштүк аскердик бирикменин кол башчысы, 2009-жылы ноябрь айынан тартып КРнын Коргоо министринин орун басары, 2010-жылы августтан баштап КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы болгон. Ал эми 2011-жылдын декабрь айынан 2014-жылдын апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министри болгон.
 
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Аламүдүн РИИБинин башчысынын ыкчам иликтөө иштери боюнча орун басары Талант Аттокуров кол алдында иштеген кызматкерин сабап салгандыгы үчүн кызматтан бошотулган. Аталган жооптуу кызматкер бир апта мурун аймактык милиция кызматкери Абдулла Алиевди сабаган. Жабырлануучу РИИБдин эки кызматкери кол көтөргөнүн айтып, “жетекчи чакырып жатат деп бөлүмдүн короосуна алып кирип сабашты” деп көрсөтмө берген. Ал эми ИИМ жабырлануучу Алиев короодон эмес, өзүнүн иш бөлмөсүнөн сабалганын жана ага Талант Аттокуров да катышканын айткан.
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы англиялык футболчу, Англиянын жана Мадрид курама командаларынын оң канаттагы жарым коргоочусу, футбол боюнча дүйнө жылдызы Дэвид Бекхэм Лондондо төрөлгөн. 11 жашында жаштар арасындагы Bobby Charlton Soccer Schools National Skills футболдук мелдешинде жеңип чыккан. Анын ийгиликтерине күбө болгондор жаштар лигасында "Манчестер Юнайтеддин" атынан ойноону сунушташкан. 1993-жылы түзүлгөн келишимден соң өзүнүн канчалык деңгээлде таланттуу экенин көрсөтө алган оюнчу бир сыйлыктын артынан экинчи сыйлыкка ээ болгон.
* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы "Аль-Каида" террордук уюмунун лидери Усама бен Ладен Пакистандын Абботтабад шаарында АКШнын атайын аскерлери тарабынан өлтүрүлүп, анын денеси деңизге чөктүрүлгөн. 
Он жыл бою дүйнөнүн үшүн алып турган террорчу, шейх Усама бен Ладен 1957-жылы 10-мартта Сауд Арабиянын Жидда шаарында туулган. Анын толук аты-жөнү - Усама бен Мухаммад бен Авад бен Ладен. Анын атасы ири курулуш тармагынын магнаты, өтө бай адамдардын бири болгон. Усама бен Ладен атасынан 250 миллион доллар мурас алган. Ладендин максаты батыштын таасири жок, эркин жана адилеттүү ислам мамлекеттерин түзүү болгон. Ал өзүнүн биринчи катардагы душманы деп АКШ менен Израилди баса белгилечү. 
2007-жылы АКШнын Сенаты №1-террорчунун башы үчүн 50 миллион доллар сыйлык берерин жарыялаган. 
Усама бен Ладен бою узун (1 метр 95 сантиметр) жана арык (75 килограмм) киши болгон. Сологой экендиги жана дайыма таяк менен жүргөнү айтылат. Ошондой эле арабдардын ак чалмасын башынан түшүрбөй ороп жүрчү. Ал бир гана араб тилинде сүйлөгөн. Ислам динине абдан берилген адам болгон. Террорчу лидердин жан сакчысы Насер аль-Бахри анын өтө эмгекчил экендигин айткан.
2-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nurik2103
2015-05-01 21:20:03
Усама бен ладен сылык суйлогон жакшы адам болгон екен, жайы бейиштен болсун, рентвнын военный тайна програмасынан мактап жатышатко орустар
0
Titi
2015-05-02 10:38:45
nurik2103, мен толук коруп чыктым рентвдан жакшы программа толук мазмундуу кылып корсотушту
0
eldar96
2015-05-02 01:48:13
эх ислам учун куйгон адам эле да америкадан жакшылык кутпош керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан