Президент Алмазбек Атамбаев 19-февралда Бишкек мэри Иса Өмүркуловго шаардагы мугалимдердин айлыктарынын өз учурунда берилишин камсыз кылуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
“Шаардын бардык мугалимдери айлык акысын алгандан кийин гана Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын жана мэриясынын кызматкерлери айлык акысын алышы керек деп эсептейм”,- дейт мамлекет башчы.
Ошондой эле президенттин тапшырмасында булар белгиленет: “Бишкек шаарындагы мектеп мугалимдеринин көптөгөн ачык кайрылуулары айлык акынын жогорулашын сезбей калгандыгын ырастап турат. Айрым учурларда мугалимдер мурдагы айлык акысынан аз акча алып калышкан. Талдоо көрсөткөндөй, мындай жагдай Бишкек мэриясы менен Билим берүү жана илим министрлиги эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү менен бирге жергиликтүү бюджеттен кошумча акы төлөөнү жоюу маселеси боюнча өз ара макулдашылбай калган аракетинен улам орун алган”.