
* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы "Манас" аэропортунан учуп чыккан АКШнын май куйгуч КС-135R учагы Чүй облусунун Панфилов районунун аймагына кулап түшкөн. Учактын 3 экипаж мүчөсү каза тапкан.

* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы Дублинде үчүнчү ирет өткөн “Евровидение” сынагында орусиялык
Алла Пугачёва “Примадонна” деген ыры менен 25 катышуучунун ичинен 15-орунду ээлеген. Алгач бул сынакка ырчы Валерий Меладзе Алла Пугачёванын "Примадонна" аттуу ыры менен бармак болуп, бирок катуу ооруп калган. Ошондон улам Алла Пугачёва өзү барууну чечкен.
* Мындан 30 жыл мурун, 1985-жылы Украинанын Львов облусунда Ту-134А жүргүнчү ташуучу жана Ан-26 аскердик учактары сүзүшкөн. 2 учакта болгон 94 кишинин баары каза тапкан.

* Мындан 107 жыл мурун, 1908-жылы Бейруттан 25 км алыстыкта Дева Мариянын эң чоң айкели ачылган. Ал 600 метр бийиктикте жайгашкан Харисса дөбөсүнөн орун алып, бийиктиги 8,5 метрди түзүп, салмагы 10 тоннадан көп болгон.