Жылнаама, 4-май: Мындан 86 жыл мурун англиялык актриса Одри Хепбёрн төрөлгөн

* Мындан 86 жыл мурун, 1929-жылы англиялык актриса Одри Хепбёрн Бельгиянын Брюссель шаарында төрөлгөн. Теги англо-голландиялык болгон британиялык Одрини көпчүлүк актриса жана фотомодель катары тааныйт. 1953-жылы "Римдеги эс алуу" тасмасында жараткан ролу үчүн "Оскар", кийин ошол эле эмгеги үчүн "Алтын глобус" сыйлыктарына арзыган актриса капыстан оор дартка кабылган. 1992-жылы 1-ноябрда ага операция жасалып, бирок операция, көпкө созулган дарылануулар да эч жардамын берген эмес. Таланттуу актриса 1993-жылы 20-январда 63 жаш курагында көз жумган.
 
* Мындан 36 жыл мурун, 1979-жылы Улуу Британиянын тарыхында биринчи жана азырынча жалгыз өкмөт башчы аял Маргарет Тэтчер премьер-министр болуп шайланган. Улуу Британиянын 71-премьер-министри болгон Маргарет Тэтчер бул орунда 1990-жылдын 28-ноябрына чейин отурган.
* Мындан 28 жыл мурун, 1987-жылы испаниялык футболчу Франсеск Фабрегас Испаниянын Ареньс-де-Мар аттуу жеринде туулган. Франсеск Фабрегастын позициясы - жарым коргоочу. Ал 2006-жылдан тартып Испания курама командасында оюн көргөзсө, 2011-жылы "Барселонанын" курамында дебют жасаган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы америкалык рэп ырчы, композитор, режиссёр Адам Яук 47 жаш курагында каза тапкан. Анын ден соолугу 2009-жылы начарлап, рак оорусуна чалдыкканы белгилүү болгон. Адам Яук "Beastie Boys" хип-хоп тобунун негиздөөчүсү катары таанымал болгон.
4-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан