2-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Кыргыз жергесинин мырзасы-2015” сынагы өттү. Ага 16 жаштан 27 жашка чейинки 37 жигит катышты. Сынакта жигиттер өзүн тааныштырып, талантын тартуулап, мырзалардын биргелешкен бийин, ошондой эле көл сезонунда кийчү кийимдерди көрсөтүштү. Калыстар тобунун курамына актёр Азиз Мурадиллаев, SUPER.KG порталынын директорунун орун басары Гүлзат Мамытканова, “Кыргыз жергесинин сулуусу-2014” наамынын ээси Айкөл Аликжанова жана башка сулуулук тармагынын белгилүү адамдары киришти. Ал эми кечени “Легенда” бийчилер тобу жана "Тамашоу" долбоорунун “Кыргыз двор” командасы коштоп, келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты. Иш-чараны шоу-вумен Рыскүл Намазбекова уюштуруп, аны КВНчилер Эрмек Таалайбеков жана Нурсултан Жакыпбек уулу шаңдуу, ошондой эле кыргыз жана орус тилдеринде алып барышты.
Жыйынтыгында баш байге - “Кыргыз жергесинин мырзасы-2015” наамы Ильгиз Бекболотовго ыйгарылып, быйыл күзүндө Нью-Йоркто өтчү “Дүйнө мырзасы-2015” сынагына катышууга жолдомо берилди. Ал эми "Кыргыз жергесинин 1-вице-мырзасы" Самат Асанкулов, "Кыргыз жергесинин 2-вице-мырзасы" Мирлан Бактыбек уулу, "Кыргыз жергесинин 3-вице-мырзасы" Улан Эсенкулов болушту. Аталган жигиттерге наамына карата Түркияга бир жумалык эс алууга жана Ысык-Көлгө жолдомо ыйгарылды. Муну менен катар кошумча номинациялар боюнча жеңүүчү аталган жигиттерге демөөрчүлөр тарабынан атайын даярдалган белектер берилди.