2-майда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Сулуу айым-2015" сынагы өттү. Анда сынактын тандоо этабынан өткөн 34 айым ат салышты. Сынакта алар
кооз кийимдерин кийип, өздөрүн тааныштырып, өнөрлөрүн элге тартуулашты.
Бийкечтердин даярдыгын, таланттарын баалаган калыстар тобу 10 номинация (грация, келбет, жылмаюу, стиль жана башкалар) боюнча мыктыларды жана 3 жеңүүчүнү аныктады.
Жыйынтыгында 3-орунга Медина Ыбышева, 2-орунга Айкыз Олжобаева ээ болду. Ал эми "Сулуу айым-2015" наамын Нускайым Дүйшөбаева утуп алды. Уюштуруучу "Kyrgyz Fashion Style" компаниясынын директору Орункүл Шабралиева жеңүүчүгө быйылкы дүйнөлүк сулуулар сынагына катышууга жолдомо тапшырды.