Айыпталуучу Канат Кадыров "7-апрелде БТРдин дөңгөлөгүнө 2 жолу ок чыгаргам" деди

“Альфа” атайын даярдыктагы аскерлер бөлүгүнүн лейтенанты Канат Кадыров бүгүн, 19-февралда өтүп жаткан 7-апрель окуясы боюнча соттук отурумда аталган окуя боюнча маалымат берди. Айтымында, ал Ак үйгө саат 17:00дө келген. "Ошол убакта күзөт кызматкерлеринин бири имараттын ичинде ок чыгып жатканын айтты. Бөлмөлөрдү караганыбызда дубалдар менен терезелерге ок тийгенин көрдүк. Бир маалда башкалардын рациясынан УКМКнын имаратындагы БТР уурдалганын уктум. Көп өтпөй эле БТР Ак үйдүн алдына келди. Ошол маалда Олег Ребенок "БТРдин дөңгөлөгүнө аткыла" деген буйрук берди. Мындай буйрукту алгандан кийин БТРдин дөңгөлөгүнө 2 жолу ок чыгардым",- деди Кадыров. Айта кетсек, эртең менен ушул эле сотто сурак берген "Альфанын" мурунку кызматкери Олег Ребенок "БТРге каршы ок чыгаруу буйругу келген, бирок буйрукту ким бергенин так айта албайм" деп билдирген болчу.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан