2-3-майда футбол боюнча Англиянын чемпиондугунун 35-тур оюндары болуп өттү. Лондондук “Челси” бул турда “Кристал Пэлас” командасын утуп (1:0), мелдеш жыйынтыкталарына 3 тур калганда чемпиондукту камсыздады. Оюндагы жалгыз голду “Челсинин” жарым коргоочусу Эден Азар киргизди.
Бул оюндан кийин “Челсинин” сезондо топтогон упайларынын саны 83кө жетти. Кийинки орундарды ээлеп келе жаткан “Манчестер Ситинин” карамагында 70 упай, “Арсеналда” 67 упай бар.
Кошумчалай кетсек, орусиялык жеке ишкер Роман Абрамович ээлик кылган “Челси” клубу бул жеңиши менен тарыхында 5-ирет Англиянын чемпиону аталды (буга чейинки чемпиондуктар 1955-жылы, 2005-жылы, 2006-жылы жана 2010-жылы катталган).