Темир Сариев мындан ары апта сайын Бишкек шаарын кыдырып, көчөлөрдүн абалын текшерип турмакчы болду

3-майда жаңы дайындалган премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарын кыдырып, көчөлөрдүн абалы менен таанышып чыкты. Сариев көчөлөрдүн абалын өз көзөмөлүнө аларын айтты. 
"Биз сиздердин концепцияңыздарды уктук. Планыңыздар өтө жакшы. Биз сиздерди колдойбуз, анткени бул жалпыбыздын борбор калаабыз. Чынында эле Бишкектин көчөлөрүн кароодон уяласың. Мен сиздерди жакшы түшүнөм, бюджетте каражат жетишсиз. Бирок кайрадан карап чыгып, ички резервдерди колдонууга туура келет. Мен муну өз көзөмөлүмө алам",- деди Сариев.
Андан сырткары мэрияга жаңы жолдорду салуу менен бирге жыртык-тешиктерди жамоо ишин алып кетүү тапшырмасын койду. 
Сариев менен кошо шаар көчөлөрүн биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов кыдырды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан