Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнө байланышкан маселелерди талкуулоо үчүн өкмөт жыйынга чогулат
Бүгүн, 4-майда премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы астында өкмөт жыйыны өтөт. Анда Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнө байланышкан маселелер талкууланмакчы. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан билдиришти. Жыйын Өкмөт үйүндө өтөт. Ага вице-премьер-министрлер, министрлер жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышары күтүлүүдө.