Вице-премьер-министр Камила Талиева Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты

18-февралда вице-премьер-министр Камила Талиева Саламаттыкты сактоо министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Анда Талиева министрликтин бюджет маселесине токтолуп, анын 80 пайызы айлык акыга, 10 пайызы дары-дармекке жумшаларын айтып, “албетте, дарыгерлердин маянасы анча чоң эмес. Бирок дары менен камсыздоо маселеси кайра каралууга тийиш” деди. Мындан тышкары вице-премьер-министр медициналык мекемелерин капиталдык оңдоодон өткөрүү жана курууга 2013-жылдын бюджетинде 10 миллион сом каралып жатканын маалымдады. “Мындай чоң каражат биринчи жолу бөлүнүп жатат жана алар негизинен курулушу бүтпөй калган мекемелерге жумшалат”,- деди Талиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан