Алмазбек Атамбаев: "Жүзүн бырыш, башын күмүш баскан ардагерлерибизге миң мертебе таазим этсек да аздык кылат"

Бүгүн, 4-майда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында Улуу Жеңиштин жаш мураскерлеринин парады өтүүдө. Анын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев иш-чаранын катышуучуларына кайрылуу жасады.

"Айлана-теребел жашылга бөлүнүп, көк асмандан нур төгүлүп, ага кошул-ташыл силердин жадырап-жайнаган жүзүңөр тынчтык менен бейпилдиктин күбөсү болуп турат. Мына ушул заманга жеткирген карыяларыбыздын тоодой тирек болуп маңдайыбызда турганы кандай гана күч-кубат! Жүзүн бырыш, башын күмүш баскан ардагерлерибизге миң мертебе таазим этсек да аздык кылат. Ушул бейпил турмушубуз аталарыбыздын, энелерибиздин эмгеги менен, алардын өмүрү, маңдай тери, керек болсо каны менен келген!"- деди Атамбаев.

Андан соң ал жаштарга "Ата Мекендик согуштун убагында аскерлердин көбү силерден бир аз эле улуураак улан-кыздар эле" деп кайрылды. "Мисалы, көкүрөгүн дзотко тосуп, элибизге даңаза болгон Чолпонбай Түлөбердиев 20 гана жашта экен. Эл-жери үчүн, кийинки муундардын келечеги үчүн жаш өмүрүн берген баатырлардын элесин эстен чыгарбашыбыз керек. Улуу майрамды сыйлап, чоң аталарыңарга, чоң энелериңерге арнап атайын салтанат уюштурганыңар абдан жакшы саамалык. Ал үчүн силерге миң мертебе рахмат! Аман болгула, бар болгула, жамандык көрбөгүлө! Кудай жолуңарды ачып берсин!"- деп каалоо-тилегин билдирди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан