КРнын Чек ара кызматынын жетекчиси Токон Мамытов Барак анклавынын жашоочулары менен жолугушту

Бүгүн, 19-февралда Чек ара кызматынын жетекчиси Токон Мамытов Барак анклавынын жашоочулары менен жолугушту. Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү, Өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү жана башка жергиликтүү башчылар да катышты. Анда Барак анклавынын көйгөйлөрү талкууланып, Токон Мамытов азыркы тапта өзбек тарап «Ак-Таш» чек ара бекетин ачуу маселесин карап жатканын билдирди. Мындан тышкары Барак айылынын тургундары "Достук" чек ара бекетиндеги бажы төлөмдөрүн алып салуу сунушун айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан