Бүгүн, 4-майда жаңыдан дайындалган өкмөт башчы
Темир Сариевдин төрагалыгы астында өкмөттүн алгачкы жыйыны өтүп жатат. Анда өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча үч протоколду жактыруу маселеси каралат. Жыйынга вице-премьер-министрлер, министрлер катышууда.
Премьер-министр Темир Сариевдин айтымында, былтыр Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү боюнча тарыхый чечим кабыл алынган. "Тиешелүү келишимдер ратификациядан өткөндө биз Евразиялык экономикалык биримдиктин толук мүчөсү болуп, бажы чек аралары алынат",- деди өкмөт башчы.
Айта кетсек, кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча акыркы 2 протоколго 8-майда кол коюлары күтүлүүдө.