Депутаттар спортчу Каныбек Осмоналиевди “Кыргыз Эл Баатыры” наамына көрсөтүү демилгесин колдошту

Бүгүн, 19-февралда ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында депутаттар оор атлетика боюнча Дүйнөнүн төрт жолку, Олимпиаданын бир жолку чемпиону, спортчу Каныбек Осмоналиевди “Кыргыз Эл Баатыры” деген эң жогорку артыкчылык даражасына көрсөтүү демилгесин колдошту. Демилгечи депутат, аталган комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев “Сизге "КРнын Баатыры" деген наам керек эмес болсо, бизге керек" деп мен мындан 3 жыл мурда айткам, бул аты окшош агама” деди. Ал эми депутат Чолпон Султанбекова бул демилгени комитеттин жыйынында талкуулоону “уят” деп баалап, бир добуштан сунушту токтоосуз кабыл алуу керек экенин белгиледи. "Сиз - ансыз деле кыргыз элинин баатырысыз" деди депутат айым. Өз кезегинде спортчу Каныбек Осмоналиев "мен дагы деле жашмын, элиме дагы көп эмгек өтөйм. Бүткүл Кыргызстанды кыдырып, жаштар менен жолугушуп, алардын рухун-духун көтөрүү максатында жети облусту кыдыруу сапарымды бүгүн Таластан баштаганы жатам. Элимди, мекенимди уят кылбайм деп ар дайым жан үрөгөм, үрөй берем” деп кошумчалады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан