Өзбекстандык режиссёр Али Хамраев “Ак илбирс” IV Улуттук киносыйлыгынын экинчи лауреаты деп табылды

Өзбекстандык режиссёр жана сценарист Али Хамраев “Ак илбирс” IV Улуттук киносыйлыгынын экинчи лауреаты деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда аталган долбоордун коом менен байланышуу боюнча менеджери Чолпон Идрисова билдирди. Анын айтымында, киносыйлыгынын тарыхында биринчи жолу "Дүйнө кинематографиясына кошкон салымы үчүн" номинациясын Өзбекстандын Маданиятка эмгеги сиңген ишмери, Хамса атындагы Өзбекстандын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Али Хамраев алды. Ал 40ка жакын оюн жана даректүү фильмдердин автору. Алардын арасында “Жетинчи ок” жана “Жан сакчы” тасмалары бар. Айта кетсек, Бишкекте 16-майда “Ак илбирс” IV Улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kama_future_millioner
2015-05-04 20:12:26
Биздикилерден жок бекен
0
Мэри
2015-05-05 17:07:25
Эмне деген ак илбирс (статуэтканы айтам)? Илбирске окшобойт го, кана темгилдери, баш бөлүгү эмне болуп калган, көзү чалырдай көрүнүп жатат, тумшугу түшүнүксүз, кыскасы, жаккан жок...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан