Ысык-Көл. Кусейин Карасаевдин мемориалдык-комплекси курулуп жатат

  Бул тууралуу Каракол шаарынын мэринин орун басары Көлбай Карасартов билдирди. Белгилүү окумуштуу Кусейин Карасаевдин сөөгү шаардын Карасай секи деп аталган жерине коюлган. Мэрдин орун басарынын айтымында, быйылкы жаздан баштап Каракол шаарынын бюджетинин эсебинен 100 миң сом акча каражаты бөлүнүп, комплекстин архитектуралык долбоору иштелип чыкты. Баш-аягы 6 миллион сомго эсептелген бул комплекстин алгачкы пайдубалы түптөлүп, учурда комплекстин дубалынын кыштары тизилип жатат. Белгилей кетсек, курулуштун жалпы аянты 225 чарчы метрди түзүп, анын ичинде китепкана, конференц-зал, Карасаевдин өздүк буюмдарын түзгөн иш бөлмөсү, документтерди сактоочу жана эс алуу бөлмөсү болмокчу. Комплексти ишке берүү мөөнөтү келерки жылдын жай айларына туш келет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан