Жылнаама, 5-май: Мындан 11 жыл мурун Бишкек шаарында ИИМдин Кызматтык кылмыштарга каршы башкы башкармалыгынын жетекчиси, полковник Чыныбек Алиев өлтүрүлгөн

* Мындан 84 жыл мурун, 1931-жылы төкмө акын, СССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиев Манас районунун Арал айылында туулган. 9 жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, 12 жашында өздүк көркөм чыгармачылык ийримине, райондук, облустук жана республикалык кароолорго катышкан. Жаш кезинен Алымкул төкмөдөн таалим алган. 1946-жылы филармонияга кабыл алынып, бул жерден Осмонкул, Калык, Ысмайыл, Токтонаалы өңдүү ырчылар менен бирге эмгектенип, алардын ырларын, айтыш ыкмаларын үйрөнгөн. Акын Токтосун Тыныбеков менен бирге 50дөй айтышты жараткан. Эстебес Турсуналиев бир нече ыр китептердин автору, ошондой эле кинофильмдерге да тартылган. Андан сырткары комуз күүлөрүн чертип, эпостордон үзүндү айткан. Эстебес Турсуналиев Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Ардак белгиси ордени жана медалдар менен сыйланган.
 
* Мындан 11 жыл мурун, 2004-жылы Бишкек шаарында ИИМдин Кызматтык кылмыштарга каршы башкы башкармалыгынын жетекчиси, полковник Чыныбек Алиев өлтүрүлгөн. Ал кызматтык автоунаасын айдап келе жатып жол чыракка токтогондо белгисиз бирөөлөр ак БМВ менен жете келип, Калашников автоматы менен атып кетишкен.  
 
* Мындан 90 жыл мурун, 1925-жылы Американын Дейтон шаарында 24 жаштагы мектеп мугалими Жон Скоупс камакка алынган. Ал Теннеси штатында тыюу салынган Чарльз Дарвиндин эволюциялык теориясын окутууга батынган. Эки ай өткөндөн кийин мугалимге карата сот иши башталып, ал дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурган "маймылдык" сот жараяны атыккандан кийин токтотулган. 
* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы англиялык ырчы Адель Лондондо төрөлгөн. Ырчынын толук аты-жөнү – Адель Лори Блу Эдкинс. Поп, соул, инди-поп, жаз жанрларында ырдаган Адель Америка музыкалык сыйлыгынын "Жылдын артисти", "Мыкты сүрөтчү", наамдарын (2011), "Мыкты поп-рок ырчы", "Мыкты поп-рок альбом" ("Туңгуюкка карай" - "Rolling in the Deep") ыры үчүн (2012) жана башка сыйлыктарга ээ болгон.
5-майда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан