Тайырбек Сарпашев аким жана айыл өкмөт башчылары менен жолугушту

4-майда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы астында биометрикалык маалыматтар боюнча жарандарды идентификациялоо процессин апробациялоо маселеси боюнча жыйын болуп өттү. Ага район башчылары жана айыл өкмөт башчылары катышты. Сарпашев идентификациялоону май айында Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айыл аймагында, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бакыян айыл аймагында, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Сары-Колот айыл аймагында тестирлөөдөн өткөрүү пландаштырылганын айтты.

Сарпашев жергиликтүү бийлик башчыларына идентификациялоону тестирлөөгө жоопкерчиликтүү түрдө даярдык көрүүнү тапшырды. "Район акимдери жана айыл аймак жетекчилери тестирлөөгө тыкыр даярданышы зарыл. Сиздерде участоктор боюнча жарандардын сапаттуу тизмеси даяр болушу керек. Мындай тестирлөөлөр башка райондордо да өткөрүлөт",- деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр кошумчалагандай, келерки парламентке болгон шайлоолордо шайлоочулар катталган жери жана ID-карта боюнча добуш берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан