Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу 5-майда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, ал “Ак-Жол” өткөрмө пунктунан Казакстанга өтүп баратканда кармалган. Колго түшүрүлгөн учурда ал чек ара кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, чек ара бекетинин терезесин сындырып салып, өзүнүн колуна жаракат келтиргени айтылды. Учурда Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилип, убактылуу кармоочу жайда отурат.