2012-жылы Кыргызстанда жаңы 6 шаар пайда болгон

2012-жылы Кыргызстандагы 19 шаарчанын статусу өзгөргөн. Айта кетсек, 19 шаарчанын ичинен 6 шаарчага "шаар" статусу, ал эми 13 шаарчага "айыл" статусу берилген. Буга байланыштуу Кемин, Орловка, Кайыңды,Токтогул, Айдаркен жана Кадамжай шаары түзүлдү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин төрагалыгы менен 18-февралда өткөн КРдагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин жыйынында белгилүү болду. Ошондой эле курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Шухрат Сабировдун отчётунда былтыр өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү институту түзүлгөнү жана райондук кеңештер жоюлганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан