Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, мектеп окуучусу жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы аталган жолдун 124-чакырымында болгон. Анда Балыкчы шаарынын 29 жаштагы тургуну унаасы менен 11 жаштагы баланы сүзүп алган. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.