Сузак райондук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 5-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2011-жылы “Тинар” ишканасы менен Сузак райондук суу чарба башкармалыгынын ортосунда келишим түзүлүп, 2 миллион 700 миң сомго электр кыймылдаткычы сатылып алынган. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө кыймылдаткычтын баасы негизсиз жогорулатылганы аныкталган. Мындан улам мамлекетке 270 миң сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.