2010-жылдагы референдумда кабыл алынган Конституция аркылуу элибиз демократиялык өнүгүү жолун тандап алды. Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы өзүнүн тарыхый милдетин - парламенттик демократиянын пайдубалын түптөөнү, адилеттүү коом курууга багытталган иштерди жүзөгө ашырып жатат. Бул максатта өлкөнү өнүктүрүүгө, жарандардын укуктарын чыңдоого арналган мыйзамдар кабыл алынууда.
Быйылкы парламенттик шайлоону калыс, таза өткөрүү үчүн шайлоо мыйзамдары өркүндөтүлүп, заманбап техникалар менен камсыздоо иши аткарылууда. Ар бир шайлоочунун добушу Конституцияда камтылган принциптерди бекемдеп, парламенттик демократияны жана мамлекетибизди өнүктүрүүдө чечүүчү ролду ойнойт.
Майрамыңыздар менен, кымбаттуу мекендештер!"