Кыргыз мамлекетинин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 5-майда Ашхабадда өткөн Борбор Азияда баңгизаттардын үстүнөн көзөмөлдөө тармагындагы аймактык кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин 9-жолугушуусуна катышты. Аталган меморандумга Кыргыз Республикасы, Азербайжан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан мүчө.
ТИМдин билдиришинче, жолугушууда трансулуттук кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана терроризмге каршы күрөшүү, коррупциянын алдын алуу, баңгизатка көз каранды адамдарды дарылоо, тармакта илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү маселелери талкууланды.
Борбор Азия үчүн 2015-2019-жылдарга карата баңгизат жана кылмыштуулук боюнча БУУнун жаңы аймактык башкаруу программасына кол коюлду. Программанын бюджети 70 миллион доллар экени айтылды. Жыйынтыгында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты бекемдөө тууралуу декларация кабыл алынды.